Кыргызстандын курама тобу машыгууларын баштады

Машыгуу Австралия спорттук университетинин стадионунда өтүп жатат.

414759
Кыргызстандын курама тобу машыгууларын баштады

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама тобу 9-ноябрда Канберрге барды, анда 2018-жылда өтүүчү дүйнөлүк биринчиликке катышуу үчүн тандоо турунда Австралия курамасына каршы ойнойт. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясы билдирди.
Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында улуттук курама топ алгачкы машыгууларды өткөрүүдө. Машыгуу Австралия спорттук университетинин стадионунда өтүп жатат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан курамасы Австралияга каршы оюнда 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан. Кыргызстандын улуттук курама тобу 2018-жылы өтүүчү дүйнөлүк биринчиликке тандоо турунун алкагында мурдагыдай эле 3-орунда келе жатат.
ФИФАнын расмий сайты билдиргендей, Кыргызстандын курама тобунда өткөрүлгөн 5 оюндан 8 упайы бар. Атап айтканда 2 жеңиш, 1 жеңилүү жана 2 тең чыгуу.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар