Азербайжанда 7 чалгындоо кызматкери камакка алынды

Кээ бир жогорку мартабалуу жетекчилер тууралуу териштирүүнүн башталганы белгиленди

394973
Азербайжанда  7 чалгындоо кызматкери камакка алынды

Азербайжанда 7 жогорку мартабалуу чалгындоо жооптуусу кызматын жаманга колдонгондуктан камоого алынды.
Азербайжан башкы прокурорлугунан берилген маалыматта улуттук коопсуздук министрлигинде кызмат кылган, кызматын жаманга колдонуп жана кылмыш кылгандары аныкталган кээ бир жогорку мартабалуу жетекчилер тууралуу териштирүүнүн башталганы белгиленди. Маалыматта бул кишилердин кээ бир менчик ишканаларга мыйзам тышы жолдор менен кийлигишкени жана кээ бир ишкерлердин укуктарын бузду деген негиз менен камалгандары боюнча маалыматка орун берилди. Президент Илхам Алиев өткөн жумада 2004 - жылдан бери кызматта болгон улуттук коопсуздук министри Элдар Махмудовду кызматынан алган болчу. Махмудовдун кызматынан алынуу себеби билдирилген эмес, бирок Азербайжан басма сөзүндө чыккан кабарларда буйругунда иштеген кызматкерлерден кээ бирлерин ишканаларда мыйзам тышы текшерүү кылдырып, ишкерлерден салык алганы боюнча айтылгандар орун алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар