Атамбаев Путин менен Сочиде жолукту

Сочидеги жолугушууда В.Путин А. Атамбаевди парламенттик шайлоолорду эң жогорку деңгээлде өткөргөндүгү менен куттуктады.

352055
Атамбаев Путин менен Сочиде жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев , 8-октябрда Сочи шаарына иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Мамлекет башчылары кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ар кыл тармакта ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты. Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерге дагы көңүл бөлүштү.
Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоолорду демократиялык өлкөлөрдүн бардык эрежелерин жана салттарын, эл аралык уюмдардын тиешелүү талаптарын сактап, эң жогорку деңгээлде өткөргөндүгү менен куттуктады.
“Сизди куттуктайм, Сизге жана депутаттык жаңы корпустун курамына, жалпы Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү жана Сиз белгилеген пландардын бардыгынын аткарылышын каалайм”,-деди Владимир Путин.

"Кабар" маалымат агенттиги

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар