Атамбаев менен Путин жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү перспективалары талкууланды.

350806
Атамбаев менен Путин жолугушту

15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Россия Федерацисынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан өз ара аракеттенишүүнүн түйүндүү аспектилери, ошондой эле түрдүү тармактарда эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү перспективалары талкууланды.
Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алып, ЖККУнун кезектеги сессиясынын алкагында эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экендигин билдирди.
Владимир Путин 12-августта Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргендигин эске салып, бул эки өлкөнүн экономикаларын өнүктүрүү тармактарында күч аракеттерди бириктирүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берээрине ишенимин билдирди. ”Кызматташуубуздун бардык комплекси боюнча канааттануу менен пикир алмашабыз”,- деп Владимир Путин, эки тараптан тең өкүлчүлүктүү делегациялар бар экендигин кошумчалады.
Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк болгонуна канааттануусун билдирди. “Мен дагы жолугушуубузга жана эки тараптуу мамилелердин маселелерин сүйлөшүүгө жана бул маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүккө кубанычтуумун. Анткени негизи бизде маселелер болбой, жаркын келечекке пландар гана болушу керек”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Бүгүн кечинде Президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация Бишкек шаарына кайтып келди.

"Кабар" маалымат агенттиги


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар