Түрк Кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт

Бул тууралуу Астана шаарында ТМККнын V-жыйынынын жүрүшүндө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.

387021
Түрк Кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Бул тууралуу бүгүн Астана шаарында ТМККнын V-жыйынынын жүрүшүндө КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев билдирди.
А.Атамбаев кеңештин кезектеги жыйынын Ысык-Көлдө бархаттуу сезон учурунда, август айынын орто ченинде өткөрүүнү сунуштады.
“Кыргызстанга конок болуп келгендер биздин көлгө түшүп, эс алып кетүүсүн каалайм. Буга августтун орто чени ылайыктуу деп ойлойм”,-деди мамлекет башчысы.
Кеңештин V-саммитинин мүчөлөрү жыйынды өткөрүүнү сентябрга жылдырууну сунушташты. Мамлекет башчылары кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү күнүн так аныктай алышкан жок. Ошентип, тараптар 6-жыйынды 2016-жылы августтун аягында, сентябрдын башында өткөрүүгө токтолушту.
А.Атамбаев Кыргызстан аталган жыйындын алкагында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн 2-оюнун өткөрүү ниетинде экенин кошумчалады.

"Кабар" маалымат агенттиги

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар