Түндүк Кипрдин тышкы иштер министри Түркияга келди

Сапардын алкагында кызматташууга байланыштуу келишимге кол коюлмакчы.

368957
Түндүк Кипрдин тышкы иштер министри Түркияга келди

Анкара Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Эмине Чолакты тосуп алды.
Эмине Чолак Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун чакыруусу боюнча Анкарага келди.
Делегациянын коштоосунда келген Чолактын алгачкы расмий иш сапары болот.
Жолугушууларда Кипр маселесинин чечилүүсүнө карата сүйлөшүү процесси менен Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосундагы карым-катнаштар боюнча пикир алмашылууда.
Сапардын алкагында айрыкча Тышкы иштер министрликтердин ортосунда информатика технологиялары тармагында кызматташууга байланыштуу келишимге да кол коюлушу пландалууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар