Түрк дүйнөсүнүн кабар каналы ачылмакчы

Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын улуттук телеканалдарынын ортосунда келишим түзүлдү.

333204
Түрк дүйнөсүнүн кабар каналы ачылмакчы

Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташтык кеңеши мүчө өлкөлөрдү Казакстандын борбор калаасы Астанда чогултту.
Өлкөлөрдүн тийиштүү министрлери жана медиа өкүлдөрүн жолугуштурган жыйналышта Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын улуттук телеканалдарынын ортосунда Эл аралык түрк кабар каналынын куралышы үчүн протоколго кол коюлду.
Бул жердеги сөзүндө Түрк дүйнөсүнүн жаман ойлуу жана туура эмес сындоолорго дуушар болгонун түшүндүргөн Азербайжандын президентинин башкы жардамчысы Али Хасанов, Түрк дүйнөсүнүн кабар каналынын туура маалымат алуу жагынан тырыхый мааниге ээ болоорун белилеп өттү.
ТРТ-Аваздын аймактагы ийгилигин үлгү кылып көрсөткөн Хасанов, Эл аралык түрк кабар каналынын түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат алмашуусу жана байланышында түшүмдүү мезгилди баштата турганын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар