Казанда суу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионат аяктады
Жабылыш аземи 12 миң кишилик Татнефть-Арена стадионунда өткөрүлдү.
Орусия Федерациясына караштуу Татарстандын борбору Казанда уюштурулган суу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионат аяктады.
Эл аралык сууда сүзүү федерациясы тарабынан уюштурулган чемпиондуктун жабылыш аземи 12 миң кишилик Татнефть-Арена стадионунда өткөрүлдү.
Аземге Татарстандын президенти Рүстем Миниханов, Орусиянын премьер-министри Димитрий Медведев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Эл аралык сууда сүзүү федерациясынын төрагасы Хулио Мальоне да катышты.
Шаарда 16 күнгө созулган чемпионатта 190 өлкөдөн 2 миң 923 спортчу 6 категорияда жарыштарга катышты.
Чемпионатта Кытай 15 алтын, 10 күмүш жана 10 коло медалга ээ болуп командалар арасында биринчиликти алды. АКШ 13 алтын, 14 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп экинчи болду. Ал эми Орусия Федерациясы 9 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль менен үчүнчү орунду ээледи.