Кипрдын 50 жылдык суу маселеси чечилүүдө

Клапандар 29 - октябрда ачылат

318312
Кипрдын 50 жылдык суу маселеси чечилүүдө

Мерсинден Түндүк Кипр Түрк Республикасына деңиздин астынан суу алып барылуусун максат кылган «Кылымдын проектисинде» акыркы баскычка келинди. Проектинин акыркы алкагы болгон 66 километрдик түтүк токой жана суу чарбачылыгы министри Вейсел Эроглу катышкан азем менен деңизге түшүрүлдү.
Баары 80 километр узундугунда болгон проектинин саясында жыл сайын 75 миллион метр куб суу Түркиядан Түндүк Кипр Түрк Республикасына ташылат. Мунун 38 миллион метр кубга жакыны иче турган суу, 37 миллион метр кубунун болсо сугат үчүн колдонулуусу пландалууда.
Түтүктөргө жайгаштырылган передатчиктердин жардамы менен ыктымалдуу аксактыктар мурунтадан аныктала алат. Түркия клапандарды 29 - октябрь күнү ачат жана ичүүгө боло турган суу Лефкошага, жылдын акырында болсо бардык Түндүк Кипрге жеткирилет. 1, 6 миллиард лирага чыгым болгон «Тынчтык суусу» проектинин Кипр сүйлөшүүлөрүнө да оң багытта таасир берүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар