Түндүк Кипр Түрк Республикасынын суу проектиси

Суу проектиси аяктап баратат

310257
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын суу проектиси

Кылымдын проектиси деп аталган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Суу проектиси акырына чыгууда.
Бир миллиард түрк лирасына жакын чыгымы менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын 50 жылдык суу муктаждыгын камсыз кыла турган проектинин деңизден өткөн бөлүгүнүн бүткөрүлүшүнө 15 километр калды.
Түрк дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлери биримдигинен бир делегация проектини иликтөө үчүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды. Делегация проектинин деңиздеги комплексин абадан иликтеди.
Токой жана суу министрлигинин кеңешчи орун басары Акиф Өзкалды проектиде акыркы баскычка келингенин белгилеп, август айынын ичинде Түркиядан Драгон өзөнүн Түндүк Кипр Түрк Республикасына алып өтөрүн айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар