Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы сыйлык кризиси...

АКШ, Адам укуктары сыйлыгын Кыргызстанда абакта жаткан оппозициячыл өзбек журналист Азимжан Аскаровго берди.

304205
Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы сыйлык кризиси...

Америка Кошмо Штаттары быйылкы Адам укуктары сыйлыгын Кыргызстанда абакта жаткан оппозициячыл өзбек журналист Азимжан Аскаровго берди.
Бул жосунга каршы чыккан Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Америка Кошмо Штаттарын өлкөдө баш аламандык жаратып жаткандыгы менен күнөөлөдү.
Атамбаев Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын ортосунда 1993-жылы кол коюлган кызматташуу келишиминин да жарактан чыгарылганын жарыялады.
Кыргызстанда өзбектер менен кыргыздардын ортосунда 2010-жылы болгон этникалык кагылышууда 400 киши каза тапкан жана миңдеген киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Өзбек журналист Азимжан Аскаров өлкөдө этникалык жек көрүүнү көкүтүү жана 2010-жылдагы окуяларда чагымчылык кылганы менен күнөөлөнүп өмүр бою абак жазасына тартылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар