Кытай кыйноосу...

Уйгурлардын Кытайга тапшырылышы тууралуу видеолор көрсөтүлдү...

379347
Кытай кыйноосу...

Кытайдын мамлекеттик телеканалы 115 уйгур түркүнүн Таиландтан Кытайга тапшырылган учурунда тартылган видеолорду жарыялады. Ал көрүнүштөр катуу каршы чыгууну тартты.
Учакта тартылган видеолордо уйгурлардын баштарына баштык кийгизилгени, колдору артынан кишенделгени, көкүрктөрүнө номурлар жабыштырылганы жана буттары жылаңайлак болгону көрүнгөн.
Уйгурлардын эки жагына олтурган кытайлык атайын кыймыл полициялары болсо жүздөрүнө стерилдик маскаларды кийип алышкан.
Кысымдардан качып Таиландга баш калкалаган 115 уйгур түркү, 9-июлда Кытайга кайра кайтарылган.
Дүйнөлүк уйгур конгресси да Кытайга кайтарылгандардын жасалма доо процессинин артынан өлүм жазасына тартыла турганын же оорлоштурулган абак жазаларына тартыла тургандарын жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар