Түндүк Кипр Түрк Республикасында өкмөт арызын берди

Коалиция өкмөтү арызын президент Мустафа Акынжыга сунуштады

330993
Түндүк Кипр Түрк Республикасында өкмөт арызын берди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер – министри Өзкан Йорганжыоглу Республикачыл Түрк партиясы – Демократ партиясынан турган коалиция өкмөтү арызын президент Мустафа Акынжыга сунуштады.
2013 - жылдын август айынан бери премьер – министрлик кызматын аткарган Йорганжыоглу партиясындагы лидерлик алмашууну эске салуу менен жаңы өкмөт иштерине мүмкүнчүлүк берүү үчүн арызын бергенин айтты.
Президент Акынжы болсо партиянын лидерлери менен алдыбыздагы күндөрдө бир бирден сүйлөшүп, парламентте көпчүлүктү түзө ала турган бир депутатка бул милдетти берерин айтты. Акынжы премьер – министр Йорганжыоглунан жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын улантуусун суранды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар