«Кипр тынчтык процесси ылдам алдыга жылууда»

Мустафа Акынжы 3 күндүк расмий сапар менен барган Брюсселде Жан Клод Юнкер менен жолугушту

327633
«Кипр тынчтык процесси ылдам алдыга жылууда»

Түндүк Кипр түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы аралдагы тынчтык процессинин үмүт берүүчү ылдамдык менен алдыга жылганын айтты. Мустафа Акынжы 3 күндүк расмий сапар менен барган Брюсселде биринчи болуп Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер менен жолугушту. Акынжы Кипр тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн абдан ылдам жүрүп жана жыйынтык чыга тургандай экенин айтты.
Чыгыш Жер Ортолук деңизи ичинен өткөн орчундуу процессте Кипр тынчтыгынын абдан чоң мааниге ээ экенине көңүлдөрдү бурган Акынжы Европанын да сүйлөшүүлөрдү жакындан иликтегенин белгиледи. Акынжы Европа биримдигинен бир өкүлдүн сүйлөшүү процессине техникалык кеңешчилик кылуусуна жылуу караганын белгилеп : «Бирок сүйлөшүү столунда БУУнун ордун ала албайт»,- деди.
Аралдагы 2 коомдун ортосунда чечүүчү жол табууга алдыңкылык бергенин белгилеген Акынжы Түркия менен сүйлөшүүлөргө да маани бергенин белгиледи. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Акынжы жолугушууларын Европа Парламенти жана кеңешинде улантат. Юнкердин бул айда аралдын түндүгүн да зыярат кылуусу андан кийин түрк жана рум лидерлер менен бирдикте үч тараптуу жыйын өткөрүүсү күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар