Түрк элинин бактысына жаралган-Ататүрк

Аныткабир деп аталган мавзолейде Ататүрктүн кылган эмгектеринен тартып буюмдарына чейин коюлуп, чагылдырылган

315701
Түрк элинин бактысына жаралган-Ататүрк

Айтылуу Мустафа Кемал Ататүрктүн акылмандыгы, эрдиги менен дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирген Түркия Республикасына келүү бизге буйруган бакыт десек болот. Келечеги туман, туңгуюкта турган элдин жолуна күн болуп тийип, кайраттуулугу, көрөгөчтүгү, даанышмандыгы менен кыйын кырдаалдан элин куткарган Мустафа Кемал Ататүрк, түрк элинин бактысына жаралган инсан.
Ошентип тарыхтан окуп, угуп жүргөн Ататүрк мавзолейине жол тарттык. Бак - дарактын жүздөн ашык кооз түрү менен курчалып, кенен аянтты ээлеген тарыхый жер келгендерди суктандырбай койбойт. Адегенде мавзолейге бараткан жолдун эки тарабында жайгашкан 24 арстандын айкелин кезиктирүүгө болот. Арстандар биздин түшүнүгүбүздө душманына кебек алдырбаган, катылгандын катыгын берген жаныбар эмеспи. Ошондуктан бул 24 арстан элдин бейпилдигин сактап тургандай элес калтырды.
Андан соң мавзолейдин ичиндеги музейди көздөй бет алдык. Ататүрктүн кылган иши, журт башкаруусу атүгүл кийген кийимдери, колдонгон буюмдары да бизге кызык болуп, улам арыштаган сайын керемет инсандын жашоосундагы ары кызыктуу, ары татаал сырлары ачылып жатты. Кемалдын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, анын жашоосун өзү менен кошо аралашып, чогу көрүп жаткандай сезим калтырды. Тирүү сымал элес берген сүрөттөрү, макеттери бизге дем күч берип, тиктеген көз карашы алда бир нерселерди айтып жаткандай туюлуп жатты.
Музей менен таанышуу учурунда атайын жазылып алынган Мустафа Кемал Ататүрктүн үнүн да угууга мүмкүнчүлүк болду. Ооба, анда айтылып жаткан сөздөрүнүн мазмуну, өзгөчө «Түркмүн деп айтуу кандай бакыт!» - деген урааны мекенчилдик сезимдерди ойготуп, ата-журтту сүйүүгө жана сыймыктанууга үндөп турат. Дагы бир бизди суктандырганы ата-энеси балдарын, чоң ата, чоң энеси неберелерин ээрчитип музейге агылып келишкени болду. Албетте жаш муундарга тарыхтан маалымат берип, идеологияга сугарып туруу улуу муундун милдети. Миң уккандан бир көргөн артык дегендей тарыхый жерди көргөнүбүзгө сыймыктанып, идеологиясы бар, өнүккөн өлкөдөн өрнөк алсак деген тилек менен кайттык.

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыздар!

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн,
Кыргыз радиосунун кызматкери Керемет Сабыржан кызы жана Келечек телерадио студиясынын редактору Мээрим Керимкул кызы.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар