Илхам Алиев Түркиянын Бакудагы элчилигине көңүл айтты

Президент Алиев Демирел үчүн ачылган көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды.

310034
Илхам Алиев Түркиянын Бакудагы элчилигине көңүл айтты

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 9-президент Сүлейман Демирелдин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Түркиянын Бакудагы элчилигине көңүл айтуу максатында барды.
Алиев Демирел үчүн ачылган көңүл айтуу китепчесине кол жазмасын калтырды.
Президент Алиев китепчеге «Боордош эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык карым-катнаштарынын стратегиялык шериктештик деңгээлине жетүүсүндө президент Гайдар Алиев менен Сүлейман Демирелдин ортосундагы достук жана туугандык байланыштардын ролу чоң экени шексиз. Сүлейман Демирелдин азиз элеси Азербайжандын жүрөгүндө ар дайым жашай берет» деп жазды. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар