Крым татарлары отчету

Орусиянын аймакты аннекция кылуусунан кийин жасалган олуттуу адам укуктарын бузуу каттоого алынды

306130
Крым татарлары отчету

Крымдагы адам укуктарын бузууларды иликтөө үчүн аймакка жиберилген расмий болбогон түрк делегациясынын отчету Орусиянын аймакты аннекция кылуусунан кийин жасалган олуттуу адам укуктарын бузуу каттоого алынды.
«Орусия федерациясынын Крымды аннекция кылуусунан кийин Крым татарларынын абалы» деген отчетто 26 – 30 - апрель күндөрү расмий болбогон түрк делегациясы тарабынан Киев жана Крымда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө баа берилди. Отчетто оболу Крым татарларынын жана алдыңкыларына жасалаган кысымдын күч алганы, Крым Татар Улуттук Парламентинин мүчөлөрүнүн кадыр – баркын жоготуу саясатынын жүргүзүлгөнү, үйлөрүнө баскындардын жасалганы жана системалуу түрдө сурак берүүгө чакырылгандарына көңүл бурулду. Сүйлөшүүлөрдө Крым татарларынын көпчүлүгүнүн Орусия федерациясынын жарандыгына өткөнү белгиленип, Орусия федерациясынын жарандыгын кабыл албаган крымдыктардын кандайдыр бир жарандык укугунан пайдалануунун сөзү болбгону аныкталганы белгиленди.
Отчетто Крымдын аннекциясынан кийин Крым татарчасынын расмий тил катары кабыл алынуусуна карата мунун күнүмдүк турмушка чагылдырылбаганы, мектептерде Крым татарчасы сабактарынын азайтылганы, Украина башкаруусу мезгилинде басылган китептердин колдонулуусуна тыюу салынганы, орус тилин алдыга чыгарган билим берүү саясатын жүргүзгөнү белгиленди. Отчетто Крым татарларынын жеке диний ыбадаттарын орундатуусунда бир бөгөт менен кездешпегени, бир тараптан Орусия федерациясынын мыйзамдарынын негизинде диний мекемелер жана кыймылдарда мамлекеттик көзөмөлдү арттырууга карата саясат жүргүзгөнү, ушул максатта альтернетивдик түзүлүштөрдү кубаттаганы белгилегени билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар