КТРКнын жетекчилери ТРТда (видео)

КТРК менен ТРТнын ортосундагы келишимдер жаңыланды.

293418
КТРКнын жетекчилери ТРТда (видео)

Түркия менен Кыргызстандын телерадио корпорацияларынын ортосундагы келишимдер жаңыланды.
Кыргызстандын коомдук телерадио берүү корпорациясынын жетекчилери ТРТнын башкы директору Шенол Гөка тарабынан кабыл алынды.
Кол коюлган келишимдерге ылайык билим берүү жана эл аралык иш-чаралар менен катар радио жана тышкы берүүлөрдө да кызматташтык кылынат.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка бул кызматташуунун өнүктүрүлүп уланаарын айтты.
Кыргызстандын коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбеков да Түркия улуу дөөлөт жана Түрк дүйнөсүнүн жол башчысы экенин белгилеп, ТРТнын башкы директору Шенол Гөкага колдоо көрсөткөндөрүнөн улам ыраазычылыгын билдирди.
КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ТРТнын Чет өлкөгө берүүлөр департаменинин башчысы Сүлейман Эрдал менен жолугуп, ушул убакка дейре уланып келген кызматташуунун жетиштүү болбой турганын, эки тууган калктын кызматташуусу мындан да көп болушу керектигин баса белгиледи.
Сүйлейман мырза да кызматташууну арттырууга дайым даяр болгондорун маалымдады.
КТРКнын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев да ТРТга көп жолу келгенин, келишимди түптөп кеткендерин жана жаңы жетекчилер менен танышкандары үчүн кубанычта болгондорун билдирди.
Ошондой эле Илим Карыпбеков менен Кайрат Иаманлиев ТРТ Аваз телеканалы менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп ал канал менен мурда болуп туруучу достук көпүрөсүн кайрадан түптөөнү жана ага кошумча программа алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөканын сунушу боюнча КТРКнын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев Стамбулга барганда «Дирилиш Эртугрул» сериялынын тартылып жаткан жерине барып таанышып кетти. Келечекте кыргыз көрүүчүлөрүнө бул сериялды Кыргызстанда тартуулоо үчүн сүйлөшүү жүргүзүлмөкчү.

Сүрөттөрдү көрүш үчүн муну басыңыздар!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар