«Түрк дүйнөсүнүн 2 - журналисттер кеңеши» аяктады

«Түрк дүйнөсүнүн журналисттеринин Казан декларациясы»

296992
«Түрк дүйнөсүнүн 2 -  журналисттер кеңеши» аяктады

Татарстан республикасынын борбору Казанда болгон «Түрк дүйнөсүнүн 2 - журналисттер кеңеши» аяктады.
Дүйнөлүк журналисттер федерациясы жана Татарстан республикасынын ТАТМЕДИА курулушу менен биргелеше өткөрүлгөн кеңешке 20 башка өлкөдөн 70ке жакын журналист катышты.
Биринчиси өткөн жылы Эскишехирде өткөрүлгөн кеңеште Анадолу агенттигине да Түрк дүйнөсүнүн басма сөз сыйлыгы берилген. Сыйлыкты Анадолу агенттигинен маркетинг директору Недим Кая алды. Кеңешке Анадолу агенттиги менен бирге ТИКА, Өлкө тышы түрктөр жана тууган коомдор төрагалыгы, ТҮРКСОЙ, премьер – министрликтин пресса жана информация директорлугу жана ТРТ Аваз сыяктуу мамлекеттик мекемелер жардам берди.
«Түрк дүйнөсүнүн журналисттеринин Казан декларациясы»
Татарстандын түрк дүйнөсүндө геологиялык түзүлүшү, Түрк дүйнөсүндө информациялык өнүгүүлөр жана түрк дүйнөсүнүн журналисттер семинары сыяктуу темалар талкууланган кеңештин акырында «Түрк дүйнөсү журналисттеринин Казан декларациясы» билдирилди.
Жалпы 13 беренеден турган декларация боюнча маданий баалуулуктарды жайылтуу, адабий тилде сүйлөө жана улуттук интеллигенттерге маалымат берүү менен милдеттүү болгон улуттук басма сөз органдарынын мамлекеттер тарабынан колдоого алынуусу үчүн иштейт. Айрыкча Анадолу агенттиги тарабынан даярдалган «Түрк дүйнөсүнүн кабар пакетинин» өнүктүрүлүшүнө жана кабарларды жайылтуу сыяктуу темаларда Түрк дүйнөсүнүн журналисттер федерациясынын активдүү роль алуусу үчүн аракетке өтөт. Айрыкча декларацияда ТРТ Аваз башта болуу менен ТРТ1, ТРТ чожук жана ТРТ музыка каналдарынын Татарстанда кабелдик желеге кирүүсү үчүн ТАТМЕДИА жана ТНВ телекөрсөтүүсү менен сүйлөшүүсүнө чечим чыгарылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар