Кипрде туруктуу чечүүчү жол үчүн сүйлөшүүлөр улантылууда

Жолугушуудан кийин ишенимди арттыруучу чаралардын негизинде жаңы кыймылдардын аткарылуусу күтүлүүдө

295492
Кипрде туруктуу чечүүчү жол үчүн сүйлөшүүлөр улантылууда

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадис тарапсыз аймакта жолугушту.
БУУнун баш катчысынын Кипр атайын кеңешчиси Эспен Барт Эйденин жетекчилигинде өткөн жолугушуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 9: 30да башталды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы жана Рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадисти сүйлөшүүчүлөр Өздил Нами жана Андреас Маврояннис менен сүйлөшүүчү делегацияда коштоодо. Жолугушуудан кийин ишенимди арттыруучу чаралардын негизинде жаңы кыймылдардын аткарылуусу күтүлүүдө.
15 - май күнү кайрадан башталган сүйлөшүүлөрдө лидерлердин айда эки жолу, сүйлөшүүчүлөрдүн болсо бат – бат жолугушуусуна чечим чыгарылган болчу.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар