Казакстан сириялык топторго арачы болууда

Казакстанда Сирия боюнча сүйлөшүүлөр башталды.

288232
Казакстан сириялык топторго арачы болууда

Сириянын оппозициясынан делегациялар аралык жолугушуулар Казакстандын борбор калаасы Астанада башталды.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кайсы оппозициялык топтордун өкүлдөрү катышып жаткандыгы тууралуу кеңири маалымат бербестен жолугушуулар 27-майда аяктай турганын жарыялады.
Министрликтин жарыясында Казакстандын арачылыгы менен жүргүзүлө турган сүйлөшүүлөрдүн, сириялык оппозициячылдардын талабы менен уюштурулганы баса белгиленди.
Анда Сирияда начарлап бара жаткан адамзаттык абалдын бир гана тынчтыкчыл жолдор менен чечиле турганы, муну да жалгыз сириялыктар жасай алаары баса белгиленди.
Астанадагы жолугушуулар көпчүлүгү Европадан келген сириялык майда оппозициячыл топтордун өкүлдүгү менен боло турганы божомолдонууда.
Жабык эшик артында өткөн жолугушуулардан кийин маалымат берилиши күтүлүп жатат.
БУУнун көрсөткүчтөрүнө караганда Сирияда 4 жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан ички баш аламандыктан 220 миң киши көз жумду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар