Манас айтылганда элдин бүйүрү кызыды
"Балыкесирдеги фестивалда "Манас" эпосу айтылгандыктан бизге көп убакыт бөлүндү"-дейт Нуркан Койчуманова.
274948
Анкара шаарындагы Түрксой уюмунун колдоосу менен Туркиянын Гүмүшхане шаарында өтө турган фестивалга Жалал-Абад шаарынан «Бактынур» продюсердик борборунун , 8 адамдан турган жаш таланттары дагы өз өнөрлөрүн сынаганы келишти. Белгилей кетсек бул сапарга чейин Жалал-Абад жаштары 5-майдан 10-майга чейин Түркиянын Балкесир шаарында өткөн фестивалга катышышкан. Ал эми Гүмүшханедеги фестиваль 12-майдан 18-майга чейин созула тургандыгы жөнүндө маалыматтарды топтун жетекчиси Нуркан Койчуманова бөлүштү.