Кыргызстан коалиция өкмөтү ант берди

Жаңы коалиция парламенти Алмазбек Атамбаев да катышкан Парламенттин Жалпы Кеңешинде ант берди

264474
Кыргызстан коалиция өкмөтү ант берди

Кыргызстанда Темир Сариев жетектеген коалиция өкмөтү ант берип ишин баштады. Парламенттеги 120 депутаттын 97синин ишеним добушун алган кабинет мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаев да катышкан Парламенттин Жалпы Кеңешинде ант берди.
Премьер – министр Сариев менен вице – премьерлер жана министрлер менен бирге президент тарабынан дайындалган Улуттук Коопсуздук Комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиев да ант берип кызматын баштады. Сариев «Социал демократ» партиясы, «Социалист Ата Мекен» жана «Ар Намыс» партиясынан турган өкмөттүн түзүлүшүндө жана программасында өзгөртүү киргизген жок. Кыргызстанда 2014 - жылы 4 - апрелде кызматын баштаган коалиция өкмөтүн жетектеген Жоомарт Оторбаев парламенттин «экономикалык проблемаларды жана канадалыктар иштеткен Кумтор алтынынын иштетүү тууралуу маселелерди» жойо албады деген сындардын айынан 23 - апрелде кызматынан кеткен.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Оторбаевдин арызын кабыл алуусу менен Кыргызстанда 2010 - жылдагы элдик төңкөрүштөн кийин 3 - коалиция өкмөтү кулап, парламент премьер – министрликке 30 - апрелде мурунку министр Сариевди шайлаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар