Кыргызстанда өкмөт курулду

256835
Кыргызстанда өкмөт курулду

Кыргызстанда мурунку кабинетте экономика  министри болгон Темир Сариевдин премьер - министрлигинде курулган коалиция өкмөтү парламентте ишеним добушун алды. Кыргызстанда өкмөттү курган коалиция өнөктөштөрүнөн "Ар - Намыс" партиясынын лидери Феликс Куловдун премьер - министрликке талапкер катары Темир Сариевди белгилешкендерин  билдиргенден кийин парламент Сариевдин премьер - министрлигинде курулган жаңы кабинетти бекитти. Жаңы өкмөт 103 депутат катышкан добуш берүүдө 102 добуш менен ишеним добушун алды. 

Өлкөнүн жаңы премьер - министри Сариев парламенттин Жалпы Кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Оторбаев өкмөтүнүн экономика саясатында өзгөрүүнүн болбой турганын, бирок өкмөттүн кадыр - баркын жогорулатуу менен адис топ менен иштей турганын айтты. Кыргызстанда 27 -  өкмөт премьер - министр Жоомарт Оторбаевдин 23 -  апрелде арызын берүүсү менен соңуна чыккан. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар