Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Шайлоого көп сандаган чет өлкөлүк байкоочу көз салууда.

250860
Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Казак эли жаңы президентин белгилеш үчүн өз добуштарын берип жатышат.
Учурдагы президент Нурсултан Назарбаев эң күчтүү талапкер катары эсептелген шайлоодо, Коммунисттик партиянын талапкери Тургун Сыздыков менен 2009-2011-жылдардын аралыгында транспорт министри болуп кызмат кылган Абелгази Кусаинов да ат салышууда.
Шайлоо комиссиясы алгачкы жыйынтыктарды эртең жарыялайт. Талапкерлерден эч бири 50 пайыздан көп добуш ала албаса шайлоонун экинчи айлампасы эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда өткөрүлөт.
Европа Коопсуздук жана Кызыматташтык Уюмуна (ЕККУ) караштуу Адам укуктары жана Демократиялык институттар бюросу 400 байкоочу менен 15 башка аймакта шайлоого байкоо салууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар