Түркия – Казакстан ортосунда билим берүүдө кызматташтык

Проектинин негизинде ушул күнгө чейин 310 стажер Стамбулда курстан өттү

239977
Түркия – Казакстан ортосунда билим берүүдө кызматташтык

Түркия билим берүү министрлиги менен Казакстандын билим берүү министрлигинин ортосундагы кызматташтык келишиминин алкагында өткөрүлгөн «Кесиптик жана техникалык билим берүүдө мугалимдердин билимин өркүндөтүүсү» проектисинин жабылуу аземи Стамбулда өткөрүлдү. Билим берүү министри Наби Авжы аземде проектинин Түркия менен Казакстандын ортосунда терең бир туугандык байланыштын эң так мисалы болгонун айтты. Наби Авжы ТИКАнын колдоосу менен ишке ашырылган проектиде курстан өткөндөргө сертификаттарын тапшырды. Проектинин негизинде Казакстандын билим берүү министрлигинин талабы менен ар башка тармактардагы казак мугалимдерине билим берилүүдө. Проектинин негизинде ушул күнгө чейин 310 стажер Стамбулда курстан өттү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар