Түркия-Казакстан кызматташтыгы

Түркия менен Казакстандын ортосунда 19 биргелешкен долбоор ишке ашат.

239096
Түркия-Казакстан кызматташтыгы


Үч күндүк расмий иш сапары менен Казакстанга барган президент Режеп Таййип Эрдоган жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 400 ишкер катышкан Түркия-Казакстан ишкердик форумуна жетекчилик кылышты.
Форумда эки өлкөнүн ортосунда Жаңы күч бирдиги кыймыл планынын жаңылануусуна байланыштуу протоколго кол коюлуп, анын алкагындагы темалар каралды.
Назарбаев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жаңыланган «Жаңы күч бирдиги» протоколу аркылуу Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,4 миллиард доллардан 10 миллиард долларга жетиши мүмкүн экенин баса белгиледи.
Казакстандын инвестиция жана өнүгүү министрлиги «Жаңы күч бирдиги кыймыл планы» менен чогуу Түркия жана Казакстандын ортосунда жалпы 800 миллион доллардык 19 долбоор үчүн келишимге кол коюлганын, эки өлкөнүн айрыкча 2,8 миллиард доллардык 25 башка демилгенин ишке ашырылышы темасында да макулдашкандарын билдирди.
Жаңы күч бирдиги кыймыл планына 2012-жылы соода, өнүгүү, өнөр жай, транспорт, тылдык жана туризм темаларында кызматташуу максатында кол коюлган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар