Эрдоган менен Назарбаев биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү

Эрдоган менен Назарбаевдин жолугушуусунда эки тараптуу карым-катнаштар менен катар эл аралык жана аймактык маселелер сүйлөшүлдү.

238265
Эрдоган менен Назарбаев биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий иш сапары менен барган Казакстанда кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.
Эрдоган кесиптеши менен өткөргөн жекеме-жеке сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштар менен катар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашкандарын айтты.
Президент: «Аймакка жайылган коркунучтарга каршы Түркия менен Казакстан биргелеше иш алпарып, тилектештик көрсөтүүлөрү керек»,-деди.
Казакстандын Түркия үчүн Орто Азиянын эң маанилүү өлкөлөрүнүн бири экенин баса белгилеген президент Эрдоган, аймактык маселелердин эки өлкөнүн ортосундагы соодага терс таасирин тийгизгенин белгиледи.
Эрдоган: «Муну ашып өтүп, соода жүгүртүүнү кайрадан жандантаарыбызга ишенебиз. Соода көлөмүн 10 миллиард долларга жеткирүү темасында бирдей пикирдебиз»,- деп айтты.
EXPO-2016 Антальяда өткөрүлө турганын эске салып, Казакстандын бул иш-чарада орун алуусун каалаганын баса белгилеген Эрдоган EXPO-2017 Казакстанда өткөрүлгөндө да Түркиянын керектүү колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.
Эрдоган жыйындын аягында Казакстанда 26-апрелде өткөрүлө турган президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаевге ийгилик каалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар