Кургактык күчтөрүнүн командири Акар Кыргызстанда

Кыргызстандын коргоо министри жана генштабдын төрагасы менен жолугушкан армиянын генералы Акарга жогорку кызмат медалы тапшырылды

233331
Кургактык күчтөрүнүн командири Акар Кыргызстанда

Кургактык күчтөрү командири, армиянын генералы Хулуси Акар расмий сапар менен барган Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте коргоо министри Абибилла Кудайбергенов жана КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев менен жолугушту. Армиянын генералы Акарга жогорку кызмат медалы берилди.
Кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Акар оболу 1941 – 1945 - жылдагы согуштун советтик фронтунда каза болгон кыргыз аскерлер үчүн тургузулган Жеңиш аянтына барды жана бул жердеги эстеликке гүл койду. Андан кийин генштабдын төрагалыгына барган армиянын генералы Акар Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев тарабынан аскердик салтанат менен тосулуп алынды.
Акар менен Алымкожоевдин жолугушуусунда эки өлкөнүн аскердик кызматташтык темалары, кыргыз аскердик окуу жайынын окуучуларынын Түркиядагы билим алуусу, Кыргызстанда аскердик окуу жайынын курулушу менен бирге Түрк Куралдуу Күчтөрүнүн кыргыз куралдуу күчтөрүнө берген жардамдары сыяктуу темалардын каралганы белгиленди.
Жолугушуудан кийин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев армиянын генералы Акарга жогорку кызмат медалын тапшырды. Армиянын генералы Акар кыргыз куралдуу күчтөрүнө карата жакшы тилектерин билдирип, Түркиянын Кырыгзстанга жардам берүүнү улантарын айтты. Түркиядагы аскердик окуу жайларынан бүтүргөн кыргыз офицерлер да Акарга портретин белек кылышты. Бир имаратта орун алган коргоо миниистрлигине барган армиянын генералы Акар бул жерде Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбергенов менен жолугушту. Министр берген жардамдарынан улам түрк куралдуу күчтөрүнө ыраазычылыгын билдирди.
Кургак жер күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Акар жана коштоосундагы делегация андан кийин Ата – Бейитке барып кыргыз интеллигенттери менен Чыңгыз Айтматовдун мазарына гүл койду.

 



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар