Казакстан президенттик шайлоого даярданууда

Казакстанда 26-апрелде президенттик шайлоо өткөрүлөт.

233032
Казакстан президенттик шайлоого даярданууда


Келээрки жылы өткөрүлүүсү пландалган бирок өлкөнүн биримдүүлүк, шайкештик жана ырааттуулукка муктаждыгы бар экени себеп көрсөтүлүп бир жыл алдыга жылдырылган шайлоодо, «Нур Отан» партиясынын талапкери учурдагы президент Нурсултан Назарбаев эң күчтүү талапкер катары алдыңкы планга чыгууда.
Парламентте 7 орундугу бар Коммунисттик партиясынын талапкери Тургун Сыздыков менен 2009-2011-жылдардын аралыгында транспорт министри болгон Абелгази Кусаинов да шайлоодо ат салышат.
9 миллион 451 миң шайлоочу өз добушун бере турган шайлоого 452 чет элдик байкоочу көз алат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар