Меркель Яценюк жана Атамбаев менен жолугушту

Германиянын канцлери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугушту

222947
Меркель Яценюк жана Атамбаев менен жолугушту

Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде Украинанын премьер – министри Арсений Яценюк жана Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Меркель Украинанын премьер – министри Яценюк менен жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында Украинага экономикалык жардам берүүнү улантышарын белгиледи. Украинанын чыгышында Орусия жактоочусу жикчилдер менен 15 - февралдагы ок атууну токтотуу келишимине баш ийилбегенин баса белгилеген Меркель : «Ок атууну токтотуунун толугу менен ишке ашуусу жана оор куралдардын алынуусу керек», деди.
Меркель бул аймакта шайлоонун өткөрүлүшүн жакташкандарын белгилеп, мунун куралдардын көлөкөсүндө болбой турганын баса белгиледи. Германиянын канцлери Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен да жолугушту. Меркель Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине мүчөлүгүнө байланыштуу Европа Биримдиги жана Орусия менен кызматташтык түзүүнүн мүмкүн экенин айтты. Президент Атамбаев да өлкөсүнүн Германия жана башка Европа Биримдиги өлкөлөрү менен жакшы карым – катнаштарга ээ экенин белгиледи. Атамбаев чоң жана бириккен бир Европанын чектеринин Лиссабондон Владивастокко чейин болушу керектигин жактап : «Европа кеңейүүнү улантуусу керек. Биз да Европага келишибиз керек. Чоң Европада кагылышуулар болбошу керек»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар