Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы кемелер артка чегинди

Кипрде сүйлөшүүлөрдүн алдындагы эң чоң бөгөттөрдүн бирөөсү болгон кеме талаш – тартышы аяктады

289170
Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы кемелер артка чегинди

 Түрк тарабы жана рум тарабы иликтөө кемелерин артка чегинтти. Бул абал менен бирге сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталуусунун алдында бөгөт калган жок.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министрлигинен жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта рум башкаруусунун гидро карбон булактары үчүн бургулоо иштерин аткарган "SAIPEM 10000" аттуу кемесинин аймактан чыкканы аныкталганы белгиленди. Маалыматта бул абал тууралуу «Барбарос Хайреддин Паша» сейсмологиялык иликтөө кемесинин да аймактан чыкканы белгиленди. Маалыматта : «Күткөн нерсебиз рум лидеринин сүйлөшүү столуна эң кыска убакта кайра кайтуусу жана сүйлөшүү процессинин 2014 - жылы 11 - февралдагы биргелеше жасаган маалыматта белгиленген принциптер жана максаттардын негизинде калган жеринен башталып жыйынтык чыга тургандай алдыга жылдырылуусу»,- деп айтылды. Рум тарабы Түштүк Жер Ортолук деңизде бир тараптуу нефть жана жаратылыш газ иликтөөлөрүн баштаткан, Түркияда ушул боюнча Кипр түрк республикасынын атынан «Барбарос Хайреддин Паша» сейсмологиялык кемесин аймакка жиберген. Рум тарабы ушул боюнча Барбарос кемесинин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын атынан жасалган иликтөөлөрдү негиз катары көрсөтүп, 7 - октябрда сүйлөшүүлөрдөн чегинген. Эми болсо тараптардын сүйлөшүүлөр баштала турган тарыхый жарыя кылуусу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар