Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримов жеңди

Каримов добуштардын 90,39 пайызын алды.

289055
Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Ислам Каримов жеңди

Өзбекстанда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Ислам Каримов жеңишке жетишти.
Ислам Каримов расмий болбогон жыйынтыктарга караганда добуштардын 90,39 пайызын алып, атаандаштарын караандатпай алдыга оозуп чыкты.
Эл аралык байкоочулар шайлоонун эркин, ачык жана эл аралык нормаларга ылайык өткөнүн билдиришти.
1990-жылы 24-мартта Өзбек Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан президент болуп шайланган Ислам Каримов, өлкөнүн көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин 1991-жылы 29-декабрдагы шайлоодо жеңишке жетишип өлкөнүн биринчи президенти болду.
1995-жылы жалпы элдик добуш берүү менен президенттик кызматтын мөөнөтүн 5 жылга узарткан Ислам Каримов, 2000 жана 2007-жылдарда да ар бири 7 жылдык мөөнөт үчүн өткөрүлгөн шайлоолордо кайрадан шайланды.
Каримов ушундайча 24 жылдан ашуун убакыттан бери президенттик кызматты жүргүзүп келе жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар