Чубуктагы кыргыздардын үйлөрү (Видео)

Элчи баштаган топ Чубуктагы кыргыздардын үйлөрүнө барып даам татып, пикир алмашты.

268573
Чубуктагы кыргыздардын үйлөрү (Видео)

28-февралда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов баштаган топ Анкаранын четиндеги Чубук районуна барып Вандан көчүп келген кыргыздардын ал абалын сурап, райондун башчысы менен жолугуп келди.
Мына ошол жолугушуудан кийин Тунжай мырзанын суранычы менен элчи баштаган топ, Чубук аймактык музейин кыдырышты. Музей экспонаттары аркылуу, жергиликтүү элдин жашоо шартын, маданиятын айтып берип жатты.
Музей кыдырып бүткѳн соң, жергиликтүү кыргыз кандаштарыбыздын чакыруусу менен Ван кыргыздарынын кѳчүп келген жаңы журтуна жѳнѳдүк. Бир карасаң бийикте, бир карасаң ойдуңда орун алган кыргыздардын журтунан калган тарап алаканга салгандай кѳрүнүп турат экен. Аймак башчынын анан да элчинин бирге келип, абалды сурап, жардамын айтканы, жергиликтүү элдин кѳкүрѳгүн толтурду.
Ак дасторкон. Кыргыздын сыйчылдыгы тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчуна барса деле ѳзгѳрбѳс. Атайын жасалган ашын ортого коюп, келген улуу-кичүүнү урматташты.
“О” деген тѳѳгѳ медер дегендей. Эки бирдей жетекчинин эл менен келип жолукканы, бардык элди сүйүнттү. Суранычтардын баарын аткарууга убада берген аймак башчысы да кыргыз элинин кадырын билерин айтып ѳттү.
Ошентип анкаранын Чубук аймагындагы кыргыздар менен жолугушуу кѳңүлдүү жыйынтык менен соңуна чыкты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар