Казанда чыккан өрттө 17 сөөк табылды

17 кишинин сөөгү табылды

263776
Казанда чыккан өрттө 17 сөөк табылды

Татарстанда бир соода – сатык борборунда үч күн мурда чыккан өрттө 17 кишинин сөөгү табылды. Татарстандын борбор шаары Казандагы бир соода – сатык борборунда үч күн мурда чыккан өрттө каза болгондордун арасында бир түрк жаранынын да бар экени билдирилди. Иликтөө – куткаруу топторунун катчысы Игорь Пансини өрттөн улам көпчүлүк бөлүгү чөккөн имараттын урандыларынан ушул кезге чейин 17 кишинин сөөгүнүн чыгарылганы, эки сөөктүн жеринин аныкталганын билдирди.
Татарстан расмий мекемелери өрттө каза болгондордун бирөөсүнүн 1989 - жылы туулган түрк жараны Казым Сүмер экенин билдирди. Сүмердин жансыз денесинин урандылар астынан чыгарылганы белгиленди. Соода – сатык борборунун урандыларынын астында азыр да 20дан ашуун сөөктүн бар экени билдирилди. Изилдөө - куткаруу топторунун иштерин улантканы, кагылышууларда атайын машыктырылган иттердин да колдонулганы белгиленди. Өрттө көп сандаган кишинин каза болуусунан улам Татарстанда бүгүн аза күтүү жарыяланды. Расмий мекемелерде Татарстан жана Орусия желектери жарымга түшүрүлдү. Телекөрсөтүү жана радиолордо көңүл ачуу программалары токтотулду. Казандын эң чоң соода – сатык борборлорунун бири болгон «Адмирал» соода – сатык борборунда 11 - мартта чыккан өрттүн себеби ушул кезге чейин так билине элек. Өрттүн башталышынан эки сааттан кийин соода – сатык борборунун шыбы түшүп, бир топ киши уранды астында калган. Имараттан 650 киши чыгарылып, 50 киши жараланган болчу.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар