Кыргыз айымдарын Анкарада кызуу куттукташты

8-март майрамы Анкарада белгиленди.

255636
Кыргыз айымдарын Анкарада кызуу куттукташты

Эл аралык айымдардын майрамын Кыргызстан достук жана маданият коомунун Анкарадагы өкүлүчүлүгү тарабынан куттукташты. Дүйнѳ жүзү боюнча майрамдалчу 8-Март Аялдардын эл аралык майрамын Анкарадагы кыргыз жердештерибиз кызуу майрамдашты. Салтка айлангандай, мырзалардын мындай аракеттерине сый кѳргѳн ар бир айымдын кѳңүлү толду.
Алгач, кире беришке атайын стенд илип ага айымдардын майрамын куттуктап жазышты. Келген ар бир айымды, бийкечти дал ошо жерден сүрѳткѳ тартып жатышты. Анкарадагы кыргыздардын достук коомун билген, уккан бардык кыргыз айымдар келип жатышты. Кѳп күттүрбѳй иш- чара, маданий бѳлүк менен башталды. Анда түрлүү кѳңүл ачуучу, интеллектуалдык оюндар ойнолду. Жеңүүчүлѳргѳ кызыктыруучу белектер берилди. Чоң-кичине дебей баары оюндарга жигердүү катышып, жалпы элдин кѳңүлүн кѳтѳрүштү.

ТРТдан (КТРКдан келген) барган кесиптештер да айымдарга арналган ырлардан окуп, ѳз каалоолорун айтышты. Кеченин жарымы атайын даярдалган тамак аш менен уланды. Тамак-аштын басымдуу бѳлүгү улуттук тамактар болду. Алыста жүргѳн мекендештерди даам аркылуу, ырдалган ырлардын мукамы аркылуу, комуздун күүсү аркылуу мекенге жетелеген сезим менен иш-чара жыйынтыкталды.

Сүрөттөрдү толук көрүш үчүн муну басыңыз!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар