Хожалы кыргыны Австрияда да эскерилди
Венада чогулган топ, армян аскерлеринин 1992-жылдагы Хожалы кыргынын айыпташты.
227768
Жума күнү Венада кыргынды тема кылган диспут уюштурулса, эми митинг өткөрүлдү.
Венада чогулган саны эки жүздөн ашуун топ, армян аскерлеринин 1992-жылдагы Хожалы кыргынын айыпташты.
Азербайжан жана Австриянын желектерин колдоруна көтөргөн топ, «Хожалы үчүн адилеттик» жазуусу бар плакатты жайды.
Бул топтун жүрүшү Австрия парламентинин алдында аяктады.
Армян аскерлери 1992-жылы 26-февралда Карабах согушу убагында Тоолуу Карабах аймагындагы Хожалы районунда 106сы аял жана 83ү баладан турган 613 азербайжан түркүн кырып салган.