Кыргыз ырлары Анкарада жаңырды

Кыргыз ырларынан «Ак Кептер» оркестрдин солисти Шавк Кырчычектин аткаруусунда жаңырып, концертке келген кыргызстандыктардын кызыгуусун тартты.

226024
Кыргыз ырлары Анкарада жаңырды

Түрк дүйнөсүнүн музыка тобу Анкара шаарындагы Генчлик (жаштык) сейил багындагы маданий борбордун театр залында дайыма болуп туруучу концертинен бирин тартуулады.
Бул концерт мурдагыларынан өзгөчөлөнүп жаңы оркестр дрижеру Абдуллах Курбанинин башкаруусунда жана эки бөлүмдүү түрдө өттү.
Концертте ар бир түрк тилдүү калктын музыкасы башкача жанрда жаңырып, келген элдин маанайын көтөрдү.
Анда кыргыз ырларынан «Ак Кептер» солист Шавк Кырчычектин аткаруусунда жаңырып концертке келген кыргызстандыктардын кызыгуусун тартты.
Эске сала кетсек Түрк дүйнөсүнүн музыка тобу Али Өзайдын баштаган эмгектенүүлөрдүн жыйынтыгында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан 2000-жылы курулган.
Бул топ жер жүзүндөгү түрк тилдүү бардык аймактардын (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан,Түркмөнстан, Өзбекстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Тыва, Татарстан, Крым, Башкортостан, Чувашия, Карачай, Хакасия, Саха-Якутия, Гагаузия, Керкүк, Босния-Герцеговина, Косово, Уйгур, Македония) салттык музыкаларын өлкө ичинде жана тышында таанытууну өздөрүнө максат кылып алган.
Бул аймактардагы салттык музыка үлгүлөрүн тарыхтын ичиндеги көрүнүшү менен иликтеген, тандоолорду жасаган, нотага түшүргөн жана буларды архивдеген Түрк дүйнөсүнүн музыка тобу тажрыйбаларын туруктуу концерттер, ТВ жана радио программалары, альбомдор, өлкө ичиндеги жана өлкө тышындагы концерттер сыяктуу иш-чаралар менен коомдук пикирге чагылдырат.
Абдуллах Курбанинин башкаруусунда иш-чараларын уланткан топ, салттык музыкаларга ылайыкташтырган оркестрдик жана өзүнө таандык ыкма менен заманбапташты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар