Метин Кылыч 2014-жылдын мыкты элчиси
"Эркин Тоо" гезити жылдын мыктыларын аныктады.
198853
Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Метин Кылыч «2014-жылдын мыкты элчиси» деп аталды.
"Эркин Тоо" гезити 2014-жылдын мыкты адамдарын тандады.
Гезиттин башкы редактору Наргиза Мансурова салтка айландырылган тандоодо жыл сайын өз тармактарында ийгиликтүү адамдарды сыйлык менен сыйлагандарын айтты.
«2014-жылдын мыкты элчиси» сыйлыгына эки өлкөнүн карым-катнаштарына кошкон салымдарынан улам Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычтын татыктуу көрүлгөндүгү билдирилди.
Метин Кылыч элчилик кызматын бир жылдан бери улантып келе жатат.