Казакстанда жүргүнчү учак кыйрады
Кырсыктан 6 киши каза болду.
192182
Казакстандын Жамбыл областында 7 кишини ташыган учак кырсыкка учурады. Кырсыкта 6 киши каза болду.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Жамбыл областында кечээ түштөн кийин болгон кырсыкта Антонов Ан-2 үлгүсүндөгү учакта алты киши каза болду. Бир аял аман калды.
Ооруканага жаткырылган аялдын абалынын оор экени билдирилди.
12 жүргүнчүлүү учакта үчөө экипаждын мүчөсү бардыгы 7 кишинин бар экени белгиленди.
Учактын эмне себептен кыйрагандыгы тууралуу маалымат берилген жок.