Терең уйкуга кирип, көптөгөн күн укташууда

Казакстандын бир айылындагы уйку оорусунун сыры ачыла элек

191210
Терең уйкуга кирип, көптөгөн күн укташууда

Казакстандын Акмола аймагындагы Калачи айылы эки жылдан бери уйку оорусу менен күрөшүүдө. Айылда 126 кишиде бул оорунун бар экени аныкталып, оорулуулар терең уйкуга кирип жана көптөгөн күндөр укташканын айтышууда. Эмне экенин эстей албаган оорулуулар, ооруканада ойгонушууда. Орулуулардын айрыкча галлюцинация көрүшкөнү жана кан басымынын жогору экени айтылууда. Жергиликтүү дарыгерлер уйку оорусунун себебин белгилеше элек. Жасалган бир гана нерсе тамчылатуу жолу менен дары берилип ойгонууларын күтүү. Айылдын тургундары мунун себебинин айылга жакын жердеги уран чыгуучу жер менен байланышы бар экенине ишенүүдө. Аймакка барган адистер ашыкча радиациянын жок экендигин билдиришти. Айрыкча суу жана топурактан алынган үлгүлөр да темир менен туздун нормалдуу деңгээлде экенин көрсөттү. Оорулуулардын саны бул айда абдан чоң өлчөмдө өсүп, жергиликтүү жетекчилер айыл тургундарын башка бир жерге көчүрө баштады. Көчүрүү ишинин май айында аяктоосу күтүлүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар