"Казакстан жана Түркия достугу" концерттери

Караганды Таттымбет атындагы академиялык элдик аспаптар оркестры Түркия гастролу үчүн жолго чыкты

185230
"Казакстан жана Түркия достугу" концерттери

ТҮРКСОЙдон берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда  түрк дүйнөсүнүн  заманбап классикалык  музыка чыгармаларын угармандары менен жолугуштура турган концерттердин биринчиси бүгүн 2013  түрк дүйнөсүнүн маданий борбор шаары Эскишехирде  өткөрүлөт. Оркестр 16 -  январда Анкарада, 17 -  январда Болуда, 18 -  январда Стамбулда концерт берет. Кылымдын эң белгилүү түрк композиторлорунун чыгармалары менен бирге сахна чыгармачылыктары, аймактык чыгармалар да орун ала турган концерттерде оркестрды  казак шеф Руслан Баймурзин башкарат жана гастролдо солист катары Казакстан жана Түркиядан белгилүү солисттер сахнага чыгат. 

Казакстан мамлекеттик артистти "Казак булбулу" Бибигүл Төленова башкы солист катары орун ала турган концерттерде "Ак куу" бий тобу жана Шындавул ритм тобу да сахнага чыгат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар