Шыңжаң-Уйгур автоном аймагында зомбулук

Кытайдын Шыңжаң-Уйгур айтоном аймагында 6 киши полиция тарабынан өлтүрүлдү.

182479
Шыңжаң-Уйгур автоном аймагында зомбулук

Кытайдын Чыгыш Түркстан б.а. Шыңжаң-Уйгур айтоном аймагында 6 киши полиция тарабынан өлтүрүлдү.
Кытайдын расмий маалымат агенттиги Синхуанын маалымдашынча жарандар Шули шаарында жарылуучу зат алып жүргөн шектүү бир кишини полицияга билдирген.
Коопсуздук күчтөрүнүн окуя болгон жерге барышынан кийин шектүүнүн полицияга атырылып үстүндөгү жарылуучу затты жарыдырайын дегенде атылып өлтүрүлгөнү билдирилди.
Ошол эле убакта үстүндөгү жарылуучу заттарды жарыдырууга аракет кылган дагы 5 кишинин полиция тарабынан атылып өлтүрүлгөнү маалымдалды.
Кытайда өткөн жылдын башында күчүнө кирген террор менен күрөшүү мыйзамынын алкагында аймакта кеңири коопсуздук чаралары көрүлгөн.
Эл аралык байкоочу мекемелер жана чет өлкөлүк журналисттердин көз карандысыз түрдө окуяларды чагылдыруусуна мүмкүнчүлүк берилген эмес. Болгон окуялар расмий медиа тарабынан коомчулукка жарыяланууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар