АКШнын тышкы иштеринен уйгур журналист үчүн Кытайга эскертүү

Уйгур журналист Шөхрет Хошурдун бир туугандарынын Кытайда абак жазасын алуусуна Американын тышкы иштери каршы чыкты

180166
АКШнын тышкы иштеринен уйгур журналист үчүн Кытайга эскертүү

Борбору АКШ болгон «Эркин Азия» радиосунда иштеген уйгур журналист Шөхрет Хошурдун бир туугандарынын Кытайда абак жазасын алуусуна Американын тышкы иштери каршы чыкты.
Американын тышкы иштер министрлигинин катчысы Жан Псаки Хошурдун бир туугандарынын анын журналисттик иштеринен улам камоого алынганы боюнча билдирүү жасады.
20 жыл мурда кытайдан кеткен Шөхрет Хошур 2009 - жылы уйгур автоном аймагында кыйноого учураган бир уйгурдун өлүмүн иштеген эмгектеринен улам үй – бүлөсүнүн кыйноо көрүп жатканын айтты. Хошурдун эки эркек бир тууганы тууралуу Кытай медиасында кандайдыр бир кабар орун албастан, полициянын тайтканына караганда туугандарынын бири мамлекеттин коопсуздугун коркунучка салуу, бирөөсү болсо мамлекеттин сырларын тышка чыгаруу кылмышынан камалганын билдирди. Хошур бир туугандарын эркин коё берүүнүн бир гана жолунун Эркин Азия радиосунда кабарчылыкты таштоосу экенин уйгур автоном аймагындагы жетекчилер тарабынан туугандарына айтылганын ортого салды.
Шөхрет Хошур кысымдарга моюн сунбай турганын, журналисттикти таштаса да кысымдардын улантыла берерин жана Кытайдын башкаларга да ушундай эле нерселерди жасай турганына ишенгенин белгиледи. Борбору Нью – Йорк болгон журналисттерди коргоо комитети Хошурдун бир туугандарынын кыйынчылыгынын «Уйгур кабарчылыгын кысымга алуу үчүн узун аралыктуу тактика» экенине көңүлдөрдү бурду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар