Вице – премьер Нуман Куртулмуштун Кыргызстан сапары

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда соода - экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөт аралык комиссия жыйынынын макулдашуу келишимине кол коюлду.

161915
Вице – премьер Нуман Куртулмуштун Кыргызстан сапары

Түрк – кыргыз өкмөттөр аралык соода – экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын кезектешкен жыйыны Бишкекте болду.
Вице – премьер Нуман Куртулмуш жана Кыргызстандын премьер – министринин биринчи орун басары Тайырбек Сарпашевдин кош төрагалыгында экономикалык комиссиянын протоколуна кол коюлду. Протокол соода, инвестиция, бажы кызматтары, билим, өнөр жай жана технология сыяктуу бир топ тармакта кызматташтык темаларынан турат.
Вице – премьер : «Протокол Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода көлөмүн миллиард долларлык деңгээлге чыгаруу максатына жетүү үчүн түзө турган кызматташтыктарды камтыган жол картасы функциясын аткарат»,- деди.
Куртулмуш түрк ишкерлеринин Кыргызстанда салган инвестициялары тууралуу да токтолуп, инвестициялардын улантыларын белгиледи. Вице – премьер Нуман Куртулмуш андан кийин премьер – министр Жоомарт Оторбаев тарабынан кабыл алынды. Кабыл алууда Түркия – Кыргызстан ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий карым – катнаштар сүйлөшүлдү. Куртулмуш жума намазын курулушу улантылып жаткан Кыргызстан – Түркия «Манас» университетинин теология факультетинин мечитинде окуду.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар