Өзбекстанда калк шайлоого барат

Шайлоону 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын байкоочу иликтейт

161529
Өзбекстанда калк шайлоого барат

Эртең боло турган жалпы шайлоого төрт саясий партиядан 535 депутат талапкери катышат. Шайлоого кирген депутаттар 150 орундуу парламентте орун алуу үчүн жарышат. Өзбекстанда 20 миллион 895 миң 572 шайлоочу бар. 135 шайлоо округунда жалпы 9 миң 35 үкөк курулат. Шайлоочулар өлкө тышында да 44 шайлоо үкөгүндө добуш беришет. Шайлоону 40тан ашуун өлкөдөн 300гө жакын байкоочу да иликтейт. 340тан ашуун жергиликтүү жана чет элдик журналист да шайлоону иликтөө үчүн аккредитация иштерин аяктады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар