Кытай уйгурларга карата кысымын күчтөндүрүүдө

Коомдук жайларда орозо кармоого тыюу салган Кытай эми аялдардын жоолук салуусуна тыюу салды

144931
Кытай уйгурларга карата кысымын күчтөндүрүүдө

Кытай Чыгыш Түркстан деп билинген Шыңжан уйгур автоном аймагына карата кысымын күчтөндүрүүдө. Эми болсо аймакта аялдардын коомдук жерлерде жоолук салынып жүрүүсүнө тыюу салды. Шыңжанда өткөн жылы коомдук жерлерде иштегендердин орозо кармоосуна тюу салган Кытай башкаруусу эми да аялдардын жоолук салынуусуна тыюу салды. Негиз катары ашыкча кетүү жана коопсуздук санаалары көрсөтүлүүдө.
Кытай башкаруусу август айында жоолук салган жана бурка кийген аялдардын автобустарга отуруусуна тыюу салган. Үрүмчү парламентинин чыгарган бул чечими менен бирге аялдар жоолук менен коомдук жайларга кире албайт. Акыркы 2 жылдын ичинде жасалган бомбалуу кол салууда жана митингдерде жүздөгөн уйгур түркү каза болду. Кытай бул террордук окуяларды шылтоолоп уйгур түрктөрүнө карата кысымын күчтөндүрүүдө. Аймакта көп сандаган уйгур түркү жана интеллигентинин ар түрдүү себептер менен өлүм жана абак жазасына тартылуусуна дүйнө каршы чыгууда. Кытайдын этникалык саясаттары боюнча адис Жеймс Леиболд : «Террор менен күрөшүү проблемасынын чечилүүсү үчүн чыгарылган бул чечим тескери»,- деди.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар