Бердимухамедов менен Назарбаев жолугушту

Сүйлөшүүлөрдүн аягында сегиз башка темада кызматташуу келишимине кол коюлду.

134649
Бердимухамедов менен Назарбаев жолугушту

Түркмөнстандын президенти Гурбунгули Бердимухамедов, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Ашхабадда жолугушту.
Түркмөнстандын президенти Бердимухамедов Назарбаевди борбор шаар Ашхабаддагы Огузхан Сарайында тосуп алды.
Жолугушуудан кийин эки лидер өз алдынча сүйлөшүү өткөрдү. Андан соң делегациялар аралык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.
Сүйлөшүүлөрдүн аягында транспорт, билим берүү, байланыш жана маданий карым-катнаштарды өнүктүрүү үчүн сегиз башка темада кызматташтык келишимине кол коюлду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар