Вандык кыргыздар менен баарлашуу

Вандык кыргыздар менен баарлашуу.

210762
Вандык кыргыздар  менен баарлашуу

27-ноябрь күнү ТРТнын Түркия үнү радиосунун кыргызча бөлүмүнүн жетекчиси Алмазбек Асанбаев бизди өзүнүн машинеси менен «Чубуктагы» вандык кыргыз туугандарга алып барды. Анкарадан жүз километр батышында беш кабаттуу бир топ үйлөр салынып, ар кандай улуттун өкүлдөрү жашап жатканына аз эле убакыт болуптур. Кыргыз туугандар бизди көрүп, кубангандарын жашыра алышкан жок.
КТРКдан Жамила Маматова, Жыпар Акматова, ЭлТРдан Ош шаарынан келген Жүмамидин Сулайманкулов, Нурсултан Кадыркул уулу Ван жеринен келген кыргыз туугандарга үстөккө босток суроо берип жаттык. «Чубукка» 20га жакын киши келиптир. Аңгыча алдыбызга кадимки эле каттама, жапкан токоч, куурдак, айран, сүттөлгөн чай сунулду.
-Мен Ванда 18 жыл чек арада иштедим, азыр пенсиядамын, бирок дагы эле иштеп жатам-деп үйдүн ээси Ысман Атылган сөзүн улап. Түркиянын мурдагы мыйзамы боюнча 55 жашында пенсияга чыккан . -Мурда мыйзам ушундай болуучу 900 лир алам пенсияма-дейт Ысман мырза.
Төрдө отурган беш-алты киши баары бир атанын балдары, таякеси болуп жакын туугандар экен. Баарынын уулдары, кыздары бар. Алардын баары окушат, иштешет. -Бир атадан экөө болсок, азыр көбөйдүк. Иштебесең күнүң өтпөйт. Биз мында 7-8 уруу барбыз отунчу, кочкор, алапа деп жалпы уруусу тейит экендиктерин айтышты. Ата теги алайлыктар. «Чоң сары тейитбиз. Түркиядагы кыргыздар баары сары тейит. 380 бар экен мурда азыр 600гө жеттик. Балдар чоңойду. Элин самабаган эл барбы. Кыргыздын тилин сагынабыз. Биз биякка орустар Ооганстанды басканда 1978-жылы келдик. Памир жайлоосунда Саркал жайлоосунда турат элек Тажикстанда. Бир тарабы Ооганстан, бир тарабы Тажикстан. Орто жерде кысылган жерде жашадык. 1916-жылы кытайга да барышыптыр аталарыбыз. Ооганистанга келип 30 жыл жашаптыр. Анан Пакистанга келдик-деп дагы бир бир тууганы сөз улады.
Вандагы кыргыздар тууралуу сөз кылганда: « Курддар кысым болбосо жакшы эле. Кайда барса бөдөнөнүн үйү жок, бирок түркия жардам берет. 180 жигит автомат кармап коргоп, кайтарып турат. Баарыбыз бир айыл болгондуктан кулагыбыз керең, көзүбүз көр. Жан сактап турабыз. Менин жашоом аз калды. Балдарым эл, жерди көрсүн, тилин билсин деген тилегибиз бар. Кыргызстанга кетсек дейбиз. Кыргызстан өкмөтү алып кетеби-деген үмүт менен турабыз-дешип баары сөзгө аралашып отурушту.
Кыргыздар дешип баары ЭлТРдын спутниктен берилген көрсөтүүлөрүн көрүшөт. «Бизге комуз күүлөрүнөн, комуз коштогон ырларды , улак тарткандарды, улуттук оюндарды койсоңор. Анан программалар эртеле бүтүп калат. Жаңы эле баарыбыз жумуштан келип эми көрөлү дегенде саат кечки 9да бүтүп калат. Кыргызстанга айта баргыла. Убактысын улантсын. Казак кыргыз айтышын көрдүк. Абдан жакшы. Стамбулда да көп көрүшөт».
Ысман Атылган мырза уулу Жеңишти көрсөтүп «ушул балам кыргызча окуйт, кыргызча жазат. Кыргызстандан окутуп алсам сонун болоор эле»-деген оюн айтты.
ЭлТРдан келген Жүмамидин менен Нурсултан Жеңишке кайрылып:
- Кыргызстанга барасыңбы, окуу тапсак дегенинен Жеңиш сөзсүз барам, окуйм-деп үмүттүү тиктеп турду...
Алайдын «Көк Суусун» арман кылган аталардын ырын кийинки урпактар да ырдап келишет.


Жамила Маматова. ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. КТРК. Кыргыз Республикасы.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар