Түрк дүйнөсүндө орток программага карай

Түрк Кеңешинин билим берүү министрлеринин жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда болуп өттү

209427
Түрк дүйнөсүндө орток программага карай

Түрк Кеңешинин билим берүү министрлери орток тарых китебине байланыштуу иштерин аяктады. География жана адабият китептерине байланыштуу иштер 2015 - жылы апрель айында жыйынтыкталат. Түрк Кеңешинин билим берүү министрлеринин жыйыны Азербайжандын борбор шаары Бакуда болуп өттү. Жыйынга Түркиядан билим берүү министри Наби Авжы катышты. Наби Авжы Түрк Кеңешинин билим берүү жыйынынын жыйынтыктарын билдирди.
Авжы буларды айтты : «Биринчиден орток тарых китебинин даярдыгы аяктады. 1500 – жылдарга чейин келген тарыхыбыздын бардык мектептерибизде тактап айтканда бардык мүчө өлкөлөрдүн мектептеринде оболу тандама, андан кийин мажбур түрдө сабак катары каралуусу боюнча принциптик чечим чыгарылды. Бул апрель айына чейин география жана адабият китептери үчүн андан кийинки процессте Түркия, Азербайжан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстандын ортосунда окуучуларды жана мугалимдерди алмаштыруу программалары ортого салынат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар